Жер ортолук деңизде жыл башынан бери 1000ден ашык мигрант жоголду

© AP Photo / Santi PalaciosКайыктагы качкындар. Архив
Кайыктагы качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жоголгондордун көпчүлүгү апрель айына туш келет. Ал эми 2015-жылдын апрель айында мындан үч эсе көп качкын табылбай калган.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Жер ортолук деңизинен жыл башынан бери 1000ден ашык качкын дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу РИА Новости Эл аралык миграция уюмуна таянып кабарлаган.

Билдирүүгө ылайык, Эл аралык миграция уюму 2016-жылдын башынан бери Жер ортолук деңизден 1089 качкын жоголгонун каттаган. Ошол эле учурда дал ушул жол менен Европага 43 миң 357 адам жеткен.

Жоголгондордун көпчүлүгү — 427си апрель айына туш келет. Ал эми 2015-жылдын апрель айында мындан үч эсе көп — 1222 качкын табылбай калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0