Калаанын гүлзарларында быйыл гүлдүн 20дан ашык түрү өстүрүлүп жатканын Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти. Ошондой эле жакында 3,5 гектарлык аянтта розалар жана бир миллиондон ашык бир жылдык гүлдөр гүл алары айтылды.
Мындан ташкары, быйылкы жылы 10 миңдей ар түрдүү бак-дарактар отургузулат.

Жыл сайын Бишкекте күндүн жылышы менен алгач жоогазын гүлдөйт

Быйыл "Зеленстрой" ишканасынын кызматкерлери 130 миң жоогазын отургузду

Шаар ичинде гүлдөрдүн 20 ашык түрү өсүп жатат

Көргөндүн көзүн кубанткан жоогазындар

Жаз, гүл, жылуулук, сүйүү...

Быйыл бир миллиондон ашык бир жылдык гүлдөр өстүрүлдү

Жакында жалпы аянты 3,5 гектарды ээлеген розалар гүлүн ачат

Муниципалдык кызматкерлер быйыл 10 миңдей ар түрдүү бак-дарак отургузат

Архитекторлор менен шаар кызматтары клумбалардын жаңы дизайнын иштеп чыгышты

Күндүн нуру жазды күткөндөрдүн көңүлүн көтөрүүдө

Жакынкы күндөрү абанын жылуулугу 30 градуска чейин жогорулай турганы айтылууда, бирок айрым шаардыктар эмитен эле жайкы кийим кие башташты

Бишкек мэриясы шаардыктардан жана коноктордон гүлдөр менен бак-дарактарга аяр мамиле кылуусун өтүнөт