Премьер Жээнбеков: табыгый кыйынчылыктарга туруштук берүүгө мүмкүнчүлүктөр бар
Кыргызстан боюнча сел жана жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашаган эл коопсуз аймактарга көчүрүлүшү зарыл. Бул тууралуу премьер-министр жыйын учурунда өкмөттүн курамына айтты.
"Быйыл алдын-алууга жасалган аракеттерге карабай, табыгый кырсыктар болуп кетти. Бул кыйынчылыктарга туруштук беришибиз керек жана буга биздин толук мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Азыр Жарандык коргонуу багытында күчөтүлгөн тартип киргизишибиз зарыл", — деди Жээнбеков.
Премьер ошондой эле бул максатта тиешелүү аракеттер жасалып, көчүрүү иштери кечиктирилбей башталышы керектигин кошумчалады.