Май айында кыргызстандыктар 5 күн катары менен эс алмай болду

Жазылуу
5-майдан 9-майга чейин өлкөдө эс алуу күнү деп жарыяланды.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Май айында кыргызстандыктар 5 күн катары менен эс алат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Май айындагы дем алыш күндөр
Май айындагы дем алыш күндөр - Sputnik Кыргызстан
Май айындагы дем алыш күндөр

Билдирүүгө караганда, 5-майдан 9-майга чейинки аралык өлкөдө эс алуу күнү деп жарыяланды.

"Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Эмгек кодексинин 113-беренесине жана Баш мыйзамдын 10-17-беренелерине ылайык иш күндү жылдыруу токтомуна кол койду. Ага ылайык, дүйшөмбүгө туура келген 8-май 13-майга жылдырылып, натыйжада кыргызстандыктар 5 күн катары менен эс алмай болушту", — деп жазылат маалыматта.

5-майда Кыргызстанда Конституция күнү белгиленсе, 9-май Жеңиш майрамы майрамдалат. Мындан улам бул күндөр да эс алуу күн болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0