БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Репрессия курмандыктарынын балдарына Жогорку Кеңештин төрагасынын фондусунан материалдык жардам берилди. Эми аталган фондудан жыл сайын эки ирет ушундай материалдык жардам берилип турарын ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков убада кылды. Бул туурасында парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Алар жалпы улуттун аталарына айланган инсандардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу багытындагы бир катар сунуштарын ортого салышты. Жусуп Абдрахмановдун кызы Ленина Абдрахманова атасынын күндөлүгүн коомчулукка кеңири жайылтуу зарылчылыгын айтты. Ал эми Төрөкул Айтматовдун кызы, окумуштуу Роза Айтматова "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексин, андагы музейди жакшыртуу багытында иштерди улантуу керектигине эл өкүлдөрүнүн эсине салды.