БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Чүйдө коктуга тоголонуп кеткен унаанын айдоочусу менен жүргүнчүсү каза болду. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 20-апрель күнү Токмок — Шамшы унаа жолунда болгон.
"Mazda Cronos" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, коктуга тоголонуп кеткен. Натыйжада унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү окуя болгон жерде мерт болушкан", — деп жазылат маалыматта.
Куткаруучулары каза болгон адамдарды унаадан чыгарып, ички иштер кызматкерлерине өткөрүп беришкен.