БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин апасы Хайрыхан Козубаева 17-апрелде каза болду. Бул тууралуу аталган фракциядан билдиришти.
Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин I катчысы Апсамат Масалиевдин жубайы Хайрыхан Козубаева 78 жаш курагында көз жумду.
Маалыматка ылайык, маркум бүгүн "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет.