БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында ЕАЭБдин Жогорку экономикалык кеңешинин жыйыны өтүп, ага уюмга мүчө мамлекеттердин башчылары катышууда. Мындан сырткары, президенттер ЖККУнун бейрасмий жыйын өткөрөт.
Өлкө башчылар Бишкекке 13-апрелден тарта келе баштады. Биринчи Молдованын президенти Игорь Додон келди. ЕАЭБге мүчө мамлекет башчылары Молдовага байкоочу статусун берүүнү колдоду.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн кайсы мамлекеттин президенти кандай учак менен келгенин көрсөңүз болот.