БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Ишемби күнү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот.
Борбор калаада 25, Ошто 24 градус жылуу болушу күтүлөт.