БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектеги Ленин атындагы заводдун жанынан бир кишини поезд тебелеп кеткендиги тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Кырсык бүгүн саат 17.00дөр чамасында болгон.
Алдын-ала маалыматтарга караганда, каза болгон адам эмгек биржасында иштеген. Муну тастыктаган документтери жанында болуп чыкты. Ага ылайык, маркум Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын 47 жаштагы тургуну экени белгилүү болду.
"Ал адам машинисттин белгисине көңүл бурган эмес. Учурда жүргүзүлүп жаткан экспертизанын жыйынтыгы менен ал мас абалда болгон-болбогону билинет", — деп айтылат билдирүүдө.
Милияция кырсыктын чоо-жайын иликтөөдө.