БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. "Кыргызмунайгаз" ачык акционердик коому унаа тетиктерин сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, ишкана тетиктер үчүн 6 миллион 708 миң 120 сом сарптоого даяр.
Тендер 12-апрелде жарыяланып, мөөнөтү 5-майда аяктайт.