Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Шаршембиде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Бишкек шаарында түштөн кийин болгон катуу шамалдан улам дарак кулап, машиналарды басып калды - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги катуу шамалдан бак кулап, машиналарды басып калды
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Чүй жана Талас облустарында 13…18 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 15…20 градус, Ысык-Көл жана Нарында 10…15 градус жылуу болот.

Бишкекте 17 градус жылуу болсо, Ошто күн 20 градуска чейин жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0