БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев Москвадагы экономика форумунда доклад окугандыгы тууралуу өзүнүн расмий сайтына жарыяланды.
"Форумда Акаев "XXI кылымдын Улуу Жибек жолу жана Евразиянын геоэкономикалык, геосаясий ландшафтынын трансформациясы" деген темада доклад окуду", — деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, март айынын аягында Аскар Акаев кызы Бермет Акаева менен биргелешип жазган "Стратегия опережающего развития для Кыргызстана" деп аталган китептин бет ачары өткөн.
Экс-президент автордук китебинде Кыргызстандын потенциалы жана келечеги тууралуу ой толгогон.