БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Улуттук статистика комитети иш-кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө атайын буйрук чыгарды. Бул туурасында аталган мекеменин сайтында кабарланды.
Документте бул кадам 2017-жылдын статистикалык иштеринин программасын жана "КРде 2014-2020-жылдары Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын" алкагында жасалып жатканы айтылат.
Расмий булактар аркылуу жайылтылуучу статистикалык маалыматтардын түп нускаларынын, котормолорунун сапаттуу даярдалып, басылып чыгышын камсыздоо иши ведомствонун ичиндеги үч бөлүмгө жүктөлгөн.
Документте бир айлык мөөнөттүн аралыгында статистикалык басылмалардын – бюллетендердин, сөздүктөрдүн сапаттуу даярдалышын камсыздоо максатында тиешелүү тармактар боюнча адистерди камтыган эксперттик топтун түзүлөрү айтылат.