Быйыл аба ырайы адаттан тыш ысык болот

© AFP / ROBERTO SCHMIDTАномальная жара в Индии
Аномальная жара в Индии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Климатты изилдегендердин айтымында, былтыр тарых боюнча эң ысык аба ырайы катталган.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Быйыл жер планетасында адаттан тыш ысык аба ырайы болору божомолдонуп жатканын Дүйнөлүк метеорология уюмунун адистери билдирүүдө

"2016-жылы тарыхта эң ысык аба ырайы катталган. Аны менен катар эле океандардын деңгээли көтөрүлүп, абадагы көмүр кычкыл газынын курамы жогорулап жатат. Быйыл мындай тенденция ого бетер күчөйт", — деп уюмдун жарыялаган билдирүүсүндө айтылат.

Дүйнөлүк климат программасынын жетекчиси Дэвид Карлсон мындай көрүнүш метеорологдордун "акылына да сыйбай" жатканын маалымдады.

"Биз улам жаңы кубулуштарга кабылып жатабыз", — деди ал.

2017-жылы эле температуралык бир нече рекорддор катталган. Мисалы, АКШнын аймагында жыл жаңыргандан бери 11 миң рекорд болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0