БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Өзбекстан президенти катары алгач ирет Казакстанга расмий сапар менен келди. Бул туурасында Sputnik Казакстан кабарлады.
Аба майдандан Мирзиёевди Казакстан премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, өкмөт башчынын биринчи орун басары Аскар Мамин, Тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов, Астана шаарынын акими Асет Исекешев тосуп алды деп кабарлаган өкмөттүн маалымат кызматы.
Астанада Өзбекстан башчысы Мирзиёев Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелерди талкуулайт.
Назарбаев менен Мирзиёевдин жолугушуусу эртең, 23-мартта өтөт. Ушул эле күнү Астана шаарында казак-өзбек бизнес-форуму болот.
Мирзиёев Өзбекстандын президенти болуп 2016-жылы 4-декабрда шайланган.