БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Шаршемби күнү көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо жана тоо этектеринде кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден кээ бир райондордо 14 метрге чейин жетет.
Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, калган облустарда кар жаайт. Ал эми Бишкек шаарында +10…+12 градус жылуу болсо, Ошто +13…+15 градус жылуу болот.