Гүлбара Оморова: Кыргызстандагы айрым чокуларга чыгуу үчүн 2 миң доллар кетет
Анын айтымында, Ленин чокусуна чыгуу үчүн бир адам эки миң, Кан-Теңири чокусуна барууга 2,5 миң доллар сарптайт.
"Ысык-Көлдүн Каракол шаарынын тегерегинде үч миң метрден бийигирээк үч чоку бар. Аларга чыгуу үчүн 100-150 доллар жетет. Анткени эч кимге эч нерсе төлөбөй эле, керектүү нерселерди, тамак-ашты алып чыгып кетесиз", — деди Оморова.
Ал Чүйдүн Ала-Арча капчыгайындагы чокулар дагы көп каражатты талап кылбай турганын белгиледи.