Бишкектин Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамынын урматына жарык берүүчү декорациялар орнотулса, Москва шаарында Mercedes-Benz Fashion Week Russia көргөзмөсү болуп өттү.
АКШнын Остин шаарында музыка-интерактивдик кинофестиваль болсо, Египеттин Каир шаарынан фараон Рамзеса IIнин статуясы табылды.
Ал учурда Индия жаз майрамын белгилесе, Валенсия эми даярдык көрө баштады.
Ирландиянын Дублин шаарында Ыйык Патрик күнүнө карата парад болуп жаткан учурда, Токиодо жаңы ачылган Henn-na Hotel мейманканасынын конокторуна роботтор кызмат көрсөтүп жатат.

Египеттин Каир шаарында фараон Рамзеса IIнин статуясы табылды

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамынын урматына жарык берүүчү декорациялар шаардыктарга кубаныч тартуулады

Mercedes-Benz Fashion Week Russia көргөзмөсүнүн алкагында дизайнер Александр Роговдун коллекциясы көрсөтүлдү

АКШнын Остин шаарында музыка-интерактивдик кинофестивалында үй кызматчысынын костюмун кийген аялдар сериалды жарнамалап жатышат

Индияда жаз майрамы белгиленди

Валенсиянын тургундары Фальяс деп аталган жаз фестивалына даярдык көрүүдө. Майрамдын символу — белгилүү адамдардын папье-маше же жыгачтан жасалган фигуралары

Москвадагы Станиславский жана Немирович-Данченко театрында "Точка пересечения — 2017" долбоорунун алкагында бийлеп жаткан артисттер

Перуда үч ай ичинде катуу жааган жаандын айынан 60тан ашуун адам каза болуп, миңдеген үйлөр талкаланды

Катманду бийлиги 2015-жылы жер титирөөдөн жабыр тарткандарга курулуп берилген жалгыз чатыр лагерди ордунан алып жатат

Индонезиянын Жакарта шаарында цемент заводдун курулушуна нааразы болгон фермерлер каршылыгын билдирүү үчүн буттарына цемент куюп салышты

"Ислам мамлекетинин" согушкерлеринен жаңы бошотулган Ирактын Мосул шаарынын аймагында велосипед тээп бараткан бала

"Ак-Кула" ат майданында салтка айланган көк-бөрү таймашы учурунда спортчулардын кагылышы

Ирландиянын Дублин шаарындагы Ыйык Патрик күнүнө карата парад

Франциялык модель Эмелин Дюотуа жети жылдан бери оюнчук уйларды чогултуп келе жатат. Учурда анын 1679 "уйу" бар

Таиландда пил күнү майрам катары белгиленет. Бул күнү жаныбарлар жер-жемиштерди тоёо жейт

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Кениянын жаратылыш коруктарынын биринде пилди сүрөткө тартып жатат

Токиодо ачылган Henn-na Hotel мейманканасында адамдарга караганда, роботтор көбүрөөк иштейт. Мисалы, администратордун ордунда япон, корей, англис, кытай тилдеринде сүйлөгөн динозавр отурат.
