Индияда түстүү боёкторду чачышкан Холи жаз майрамы, ал эми Кыргызстанда №2 абакта отурган кыз-келиндер сулуулугу менен тапкычтыгын сынаган конкурс өттү.
Россияда ракетанын тилин суудай билген кыз-келиндер ажарлуулугу жана аскердик даярдыгы боюнча таймашса, Австралияда эл аралык авиашоу бир топ элди асманга тигилтти.
Мексикада эл пиротехника жарманкесине күбө болсо, Краснодар аймагында мыктыларды мыктысы тандалды.
"Барселона" атаандашы "Пари Сен-Жерменди" оюн талаасында 6:1 менен талкалады. Улуу Британияда бир кылымдан ашуун мезгилден тарта жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан иттердин көргөзмөсү салтынан тайбай, элдин көңүлүн өзүнө бурду.
Бишкекке ЕАЭБ мамлекеттери — Казакстан, Белоруссия, Армения жана Россиянын премьер-министрлери келип, Евразиялык кеңештин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Индиядагы Холи майрамынын катышуучулары. Холи фестивалы— индустардын жаз майрамы. Жаздын алгачкы күнү Вишну кудайына каршы болгон Холиканын жасалган куурчак кебин өрттөшөт. Экинчи, үчүнчү күнү ар кыл жүрүштөрдү жасап, түркүн түстөгү боёкторду бири-бирине чачып, майрамдашат

Бишкектин жака-белиндеги №2 аялдар колониясында 8-март майрамын утурлай сулуулук сынагы өтүп, кыз-келиндер эптүүлүгү боюнча да ат салышты

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров "Чеченавто" заводунан чыккан согуштук "Чаборз-М3" техникасында отурат

Бишкек шаарында 7-мартта ЕАЭБдин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына премьер-минстрлер келип, анын жыйынтыгында 10 документке кол коюлду. Сүрөттө: Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев жана вице-премьер Игорь Шувалов кеңейтилген жыйында отурат

Учкуч-космонавт аял, Советтер Союзунун баатыры, Мамдуманын депутаты Валентина Терешкованын 80 жылдык юбилейи менен Россия президенти Владимир Путин куттуктап жатат

Камбоджадагы лотос гүлүн жыйноо учуру

Мосулдагы согуштун каарын тарткан үй-бүлө. Ирак аскерлеринин "Ислам мамлекети" террордук уюмуна жасаган чабуулунан улам үйүн таштап кетип бараткандар

Учкучтардын TinStix of Dynamite тобунун Мельбурндагы (Австралия) авиашоудагы көрсөткөн чеберчилиги

Фейерверктен качкан эл. Мексикада жыл сайын өтүүчү пиротехникалардын жарманкеси учурунда

Краснодар крайындагы "Чыгаан жигиттер - 2017" экстремалдык жарышынын катышуучулары

Улуу Британиянын Бирмингем аймагында өткөн иттердин көргөзмөсүнөн алынган ирмем. Бул бир кылымдан бери жыл сайын жазында уюштурулган кинологиялык беделдүү иш-чара

Таиланд. Пил менен ойногон поло оюнунун катышуучусу

Лионель Мессинин Чемпиондор лигасында "Барселона" командасынын "Пари Сен-Жерменди" жеңип алган учурунда кубанып жаткан учуру

Кан тамырдай болгон бул сүрөттөр Австралиядагы дарыялар

Fiat-560 автоунаасынын көркүн ачууга аракеттенген кыздар. Женевадагы эл аралык 87-автокөргөзмө учурунан тартылган сүрөт

Токиодо башталгыч мектептердин окуучуларына жер титирегенде кантип сактануунун жолдорун айтып берип жатышат. Бул мындан алты жыл мурда болгон алааматтын — зилзала менен цунаминин трагедиясына карата өткөрүлдү. 2011-жылдын 11-мартында 18 миңден ашуун адамдын өмүрүн алып жана "Фукусима" АЭСинин авариясына алып келген трагедия катталган

Түштүк Кореянын конституциялык соту президент Пак Кын Хенин импичментин мыйзамдуу деп жарыялагандан кийин Сеул шаарында көп эл катышкан нааразылык акциялары өттү. Көчөгө аны сындагандар менен жактагандар чыгып, соттун алдына 20 миңге чукул адам чогулду. Кагылышуудан кеминде эки адам каза тапты

Мексикада баласын бооруна кучактап алып, жүрүш учурунда гитарада ойноп жаткан музыкант

Камуфляжчан сулуу. Россиянын Ярославль облусунда стратегиялык маанидеги ракеталык аскердик күчтөрүн аял кызматкерлеринин сулуулугу менен согуштук даярдыгы боюнча өткөн сынактын катышуучусу. Анда 60ка жакын кызматкер ар тараптуу даярдыгын көрсөттү
