БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында сумо боюнча уландар жана кыз-келиндер арасында биринчилик өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун ассоциациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, турнир 19-март күнү Арча-Бешик жаңы конушундагы ден соолукту чыңдоочу борбордо болот.
"Мелдешке 1995-2001-жылы туулган улан, кыздар катышат. Спорттук иш чара 10:00дө башталат", — деп жазылат маалыматта.
Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат.