Белоруссиянын премьери Андрей Кобяковдун билдирүүсү кине коюуга барабар экенин Россия өкмөтүнүн башчысы Дмитрий Медведев Бишкекте өтүп жаткан Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында билдирди. Анда Кобяков Россиянын саясатын кескин сындап, газдын баасы Белоруссияда Россияга караганда кымбат экенин айткан.
Өз кезегинде орус премьер-министри Дмитрий Медведев эки тараптын жеке маселеси көп тараптуу аянтка чыгып кеткен учурлар болгонун белгилеп, Белоруссиянын бул кадамын мисал катары баса белгиледи.
Медведев ошондой эле ЕАЭБге мүчөлүккө эч кимди зордоп кармабай турганын, ал ар кимдин жеке тандоосу экенин кошумчалады.