БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. "Бишкекасфальтсервис" ишканасы калаанын көчөлөрүн капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, муниципалдык ишкана жол оңдоо иштери үчүн 40 миллион 157 миң 139 сом сарптоого даяр.
Тендер 3-мартта жарыяланып, мөөнөтү 24-мартта аяктайт.