Талант Канатбек уулу: Ош шаарында мамлекеттик туу күнү жогорку деңгээлде белгиленүүдө
Ош шаарында мамлекеттик туу күнү жогорку деңгээлде белгиленип жатат деп билдирди Sputnik Кыргызстан агенттигине Ош шаарынын маалымат кызматынын жетекчиси Талант Канатбек уулу.
Анын айтымында, Ош шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик туунун 25 жылдыгына арналган иш-чарага калаанын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, шаардыктар жана жаш активисттер катышты.
"Иш-чаранын жүрүшүндө жаш активисттер, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа коюлуп, флешмоб уюштурулуп, анда Кыргызстандын картасын көрсөтө тизилишти", — деп билдирди ал.
Талант Канатбек уулу бул иш-чара шаардыктар үчүн жакшы дем болгонун кошумчалады.