Филармония 8 күн 8 тилде ырдаган 8 топтун катышуусу менен концерт тартуулайт

© Sputnik / Табылды КадырбековТоктогул Сатылганов атындагы улуттук филармония. Архив
Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ыр майрам айымдардын эл аралык майрамына карата уюштурулууда.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын чыгармачыл жамааты аялдардын эл аралык майрамына карата "Ак элечек, аруу тилек асыл жар, ай-ааламдын сулуулугу — айымдар" аттуу концерт тартуулай турганын аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара сегиз күнгө созулуп, анда сегиз топко бөлүнгөн артисттер сегиз тилде ырдап, жандуу концерт коймокчу.

Ага Кыргыз эл артисттери, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаттары, белгилүү ырчылар катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0