Эмгек жолу:
Эмгек жолун Ат-Башы районунун РайПОсунун улук эсепчиси болуп иштөө менен баштаган.
- 1995 — декабрь — июнь Мамлекеттик салык инспекциясынын Октябрь районунда инспектор;
- 1995-2003 — Мамлекеттик салык инспекциясынын Биринчи май району боюнча башкармалыгында инспектору, сектор башчысы;
- 2003-2006 — Мамлекеттик салык инспекциясынын Ленин району боюнча башкармалыгынында бөлүм башчы;
- 2006-2008 — Мамлекеттик салык инспекциясынын Свердлов району боюнча башкармалыгында бөлүм башчы;
- 2008-2010 — Экономиканы жөнгө салуу министрлигине караштуу Мамлекеттик инспекциясынын директору;
- 2010-2015 —Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты. 2010-2012-жылдары Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы, 2013-2015-жылдары Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы.
- 2015-жылдын 4-октябрында "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган. Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы.
- 2016 — октябрдын аягында Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын лидери болуп шайланган.
Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.