БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Төрага Чыныбай Турсунбеков Чүйдүн Кошой-Коргон айылындагы бала бакча имаратында жайгашкан мектепке акча каражатын тапшырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, спикер Кошой-Коргон айылындагы Каракеев атындагы орто мектепке барган.
"Турсунбеков бала бакча имаратында окуп жаткан балдарга интерактивдүү такта үчүн төраганын резервдик фондусунан 100 миң сом акча каражатын тапшырды", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Турсунбековдун Чүй облуска болгон жумушчу сапарын депутаттар Бактыбек Жетигенов, Акылбек Жамангулов, Пархат Тулендыбаев, Бахадыр Сулейманов жана тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү коштоп жүрөт.