БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Лондондо тартип коргоочулар террорчулар катарына кошулуп кетүүгө камынган беш өспүрүмдү кармады. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.
"Камалгандар ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмга барып кирүүнү пландаган", — деп айтылат Скотленд-Ярддын маалымат сайтында.
Аларды кайсы уюм азгыргандыгы туурасында так айтылган эмес. Кармалгандардын улуусу 20, калганы 15 жаштын тегерегиндеги балдар болгон.