10 жаштагы кыргыз кыз көркөм гимнастика боюнча Бавариянын чемпиону болду
10 жаштагы кыргыз кыз көркөм гимнастика боюнча Бавариянын чемпиону болду
Sputnik Кыргызстан
10 жашар Бермет эми Германиянын көркөм гимнастика боюнча өлкө биринчилигинде Бавария жергесинин атынан катышууга даярданат. 16.02.2017, Sputnik Кыргызстан
10 жашар Бермет эми Германиянын көркөм гимнастика боюнча өлкө биринчилигинде Бавария жергесинин атынан катышууга даярданат.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Германиянын Бавария аймагындагы Мюнхен шаарында жашаган 10 жашар Бермет Чороева ритмикалык гимнастика боюнча мелдеште 8-10 жашка чейинкилердин арасынындагы К6 категориясында 1-орунга ээ болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине спортчунун апасы Кундуз Чалапинова билдирди.
Анын айтымында, Германияда туулуп-өскөн Бермет 4 жашынан бери көркөм гимнастика менен алектенет.
Германиянын Бавария аймагындагы Мюнхен шаарында жашаган 10 жашар Бермет Чороева ритмикалык гимнастика боюнча мелдеште 8-10 жашка чейинкилердин арасынындагы К6 категориясында 1-орунга ээ болгон
Германиянын Бавария аймагындагы Мюнхен шаарында жашаган 10 жашар Бермет Чороева ритмикалык гимнастика боюнча мелдеште 8-10 жашка чейинкилердин арасынындагы К6 категориясында 1-орунга ээ болгон
Германияда туулуп-өскөн Бермет 4 жашынан бери көркөм гимнастика менен алектенет.
"Кызым Мюнхен шаарынын мектептеринин биринде 4-класста окуйт. Окуунун отличниги. Көркөм гимнастикадан сырткары, сүрөт, теннис, музыка жана шахмат ийримдерине катышат", — деди апасы.
Бермет сүрөт тартууга дагы абдан кызыгат. Эки жылдан бери сүрөт сынактарына дагы катышып, 1-орунду эч кимге бербей келет.