БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Эртең Ысык-Көл менен Нарын облустарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Бишкек шаарында түнкүсүн 3 градус суук болсо, күндүз 9 градус жылуу болот. Ал эми Ошто түнкүсүн 1, күндүз 10 градуска чейин жылыйт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда кар көчкү коопсуздугу сакталаарын эскертет.