БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Шухрат Сабиров Монополияга каршы күрөшүү мамлекеттик агенттигинин жетекчиси болуп дайындалганын өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Белгилей кетсек, Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин мурдагы жетекчиси Болсунбек Казаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы болуп дайындалган.