Жуман Макетаев: Чаткалдагы мектептер убактылуу жабылды
Чаткал районунун акиминин биринчи орун басары Жуман Макетаев райондогу катаал шартка байланыштуу мектеп менен бала бакчалар убактылуу жабылганын билдирди.
"Шарттын катаалдыгына байланыштуу сегиз мектеп, 13 бала бакча убактылуу ишин токтотту. Ал эми үйлөрдүн чатырларынан жана башка имараттардан карды тазалоого жашоочулар тартылды", — деди Макетаев.
Ал белгилегендей Чаткал — Ала-Бука унаа жолун тазалоого 27-жол тейлөө башкармалыгынын кызматкерлери чыккан.