БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Америкада "келишимдүү" кылмышкер катары таанылган Калифорниянын Стоктон шаарынын 33 жаштагы тургуну Жереми Микс Нью-Йорктогу мода жумалыгында биринчи жолу подиумга чыкканын Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Микс мода жумалыгында германиялык модельер Филипп Плейндин кийимдерин тааныштырган. Мурдагы кылмышкердин подиумдан басканын рэпер Tyga, модель Кайли Женер, ырчы Мадонна жана актриса Перис Хилтон көз салып турган.
2014-жылы Микс курал-жарак сактоо жана атышууга катышкан деп айыпталып, 2 жыл 4 айга камалган. Шаардын полициясы кылмышкердин сүрөтүн Facebook баракчасына жайгаштырган. Колдонуучулар кылмышкердин сырткы келбетине суктанып жылуу пикирлерин жазышкан. Анын жыйынтыгында 33 жаштагы Микс White Cross Management моделдик компаниясынан сунуш алган.