БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Борбор калаанын Пушкин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде сойкулук менен алектенген төрт аял кармалганын Бишкек шаардык ИИБдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирмеге караганда, алар Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарынын тургундары болуп чыккан.
Секс-жумушчуларын иштеткен жайдын 28 жаштагы администратору кошо кармалган. Учурда ага карата Кылмыш жаза кодексинин 261-беренеси (сойкулук кылууга тартуу) боюнча кылмыш иши козголду.