Журналист Гүлдана Талантбековага сейрек өнөрдүн ээси эмне себептен кесиптешин атып алгандыгы жана ата-мекендик циркке келгендердин эмнесине таң каларын айтып берди.
— Көчмөндөр оюнунда бутуңуз менен жаа аткан өнөрүңүздү тартууладыңыз эле. Чындыгында эл жакшы кабыл алды. Интернетте да сүрөттөрүңүз талкууланып жүргөн. Комментарийлерин окуп калсаңыз керек?
— Интернет тармагында активдүүмүн. Бардыгын көрүп, окуп жаттым. Сүрөтүбүздү жүктөп тамашага да салып жатышты. Албетте бардыгын жакшы кабыл алдым. Өзүм 2007-жылы жаракат алып жаа атуу өнөрүнөн четтетилип, аба гимнастикасына өтүп кеткем. Кесиптешим Чынара Мадимкулова экөөбүздү Көчмөндөр оюнунда өнөрүңөрдү тартуулап бергиле деп суранынышканда макул болдук.
— 2007-жылы эмне болгон жаракаттан улам чыкпай калдыңыз эле? Жаа атуу өнөрүнөн четтетилсеңиз, бир топ эле оор жаракат алган окшойсуз?
— Германиянын циркинде аба селкинчегинен өнөрүмдү тартуулап жатканда кокусунан 8 метр бийиктиктен кулап кетип буту-колум сынып, мойнум, белим катуу ооруган. Эки жыл дарыланып жүрдүм. Циркте иштебей калсам дагы, күн сайын келип турчумун. Башкалардын машыкканын көрүп ыйлагым келип жүрдү.
— Белге тагылган куруңар жок беле? Алгач кулап түшкөндө эмне жөнүндө ойлондуңуз? Бир нерсе эсиңизде барбы?
Колу-бутум сынып, бели-башым сыздатып жүрдү. Бир ай бейтапканада койкада турбай жаттым. Андан кийин коляскага отургузушту. Дарыгерлер мага "эми сен мурункудай боло албайсың го, жаракаттарың өтө оор, басканда дагы аксап калышың мүмкүн" деп жатышкан. Бирок ата-энем, досторум, жакындарым колдон келген жардамын берип, колдоп турушту. "Сен кантип эле аксап калмак элең, ден-соолугуң калыбына келип, кайра эле циркке келесиң, биз сенин мүнөзүңдү билебиз" деп айтышкан. Азыр эми жакшымын, чуркап жүрөм. Мурдагыдай эле өнөрүмдү элге тартуулай алам.
— Келиңиз, позитивдүү темалардан сүйлөшөлү. Ишиңизге байланыштуу кызыктуу окуялардан айтып бербейсизби?
— Мурун бизде сахнага чыкканда кесиптештер арасында тамашага салмай жайыбыз бар эле. Бир жолу Казакстанга гастролго барганда кеченин финалында бутум менен жаа атмакмын. Эми атайын деп мээлеп жатсам жебе сайылчу тактайды бирөө көтөрүп кетсе болобу. Мен даярданып да алгам, анан сахнаны көздөй ата бердим. Башка айла жок болчу. Бир маалда сахнанын аркасынан кыйкырган үн чыкты. Бирөөнү атып салдымбы деп эсимди жыйгыча, балдар кетчуптан шыбанып чыгып, сахнага кулап калды. Элдин баары шок болуп калды. Менден башка тамаша экенин эч ким түшүнгөн жок. Акырында алып баруучу тамаша деп элге жар салганда аябай күлүштү. Мындай нерселерди кече аяктап жатканда атайын уюштурушат.
— Жаа атуу процесси боюнча сүйлөшсөк. Кол менен атуу бир машакат, бут менен жаа атуу андан да чоң эмгекти талап кылса керек?
— Жаа атуу өтө эле кыйын. Манжаларыбыз канап, белдерибиз ооруп ыйлаган учурлар болду. Бут менен жаа атыш үчүн колдун бекемдиги, буттун ийкемдиги керек. Эгерде алдыңа бир максат койсоң көздөгөнүңө жете аласың. Алгачкы жолу 13 жашымда жаа аткам. Бир жылдын ичинде өздөштүргөм. Кийинки жылы бул өнөр менен чет өлкөгө чыгып келдик.
— Сизге чейин жаа атуу өнөрү биздин циркте болгонбу?
— Мурун Светлана Козубекова аттуу артист бул өнөрдү аркалап жүрчү. Бирок ал Италияга кетип ошол жактан турмушка чыгып келбей калган. Анын номери токтоп калганда ата-энем мага үйрөтүп башташкан.
— Анда колуңуз менен шыпылдатып эле атсаңыз керек?
— Чынын айтсам, бутум менен жакшыраак атам (күлүп).
— Сиз колдонгон жаа менен жебени кайдан аласыздар?
— Учурда биздин циркте канча артист сиздей болуп жааны буту менен ата алат?
— Менден тышкары апамдын окуучусу Чынара Мадимкулова дагы бар. Ал кыз азыр 19 жашта. Үйрөнөм деп аракет кылып жүргөн кыздар толтура. Бирок көбү оор машыгууларга чыдабай кетип калышат. Биз буту-колун чойгондо ыйлашат. Цирк физикалык жактан абдан оор жумуш. Кээде иштебей эле бурулуп басып кеткиң келет. Бирок ал ойлор эки мүнөттүк эле. Кайра эле жашыңды сүртүп сүйүктүү жумушуңа киришмей.
— Мындан 15-20 жыл мурун бут менен жаа атуу жаңылык болсо керек. Азыр бул өнөрдү аркалагандар дүйнөнүн булуң-бурчунда бар. Кайсы бир сынакка жаа атуу өнөрү менен барганда элди таң калтыруу оор болсо керек?
— Бул өнөр менен сынактарга жибериш өтө кыйын. Анткени жаа аткандар да көп, оор трюктарды жасагандар мындан көп. Сынак дайыма жаңы нерсени талап кылат. Маселен биздин окуучу Чынара Мадимкулова буту менен жаа атуу боюнча биринчи жолу Украинадагы "Даңк мүнөтү" сынагына барып финалына чейин жеткен. Кийинки сынактарда көзүн байлап, аба гимнастикасын аралаштырып өйдөдөн жаа аттырдык. Цирк деген бир жерде турбаган өнөр. Өзүм болсо сынактарга катышкан курактан өттүм. Талантымды кийинки муун менен бөлүшүп жаткан учурум.
— Маданият кызматкерлеринин айлык маянасы аз экендиги эч кимге деле сыр эмес. Жумуштун оордугуна карабай сиздерге деле аз төлөнсө керек?
— Цирктин айлык акысы өтө эле төмөн. Жумушубузга болгон сүйүү бизди кармап турат десем болот. Чет мамлекеттерге гастролго чыкканда кудайга шүгүр эле төлөнөт. Андан сырткары той, концерттерге чакырып турушат. Азыр жаңы жылга карата көгүлтүр от өңдүү кечелерге сунуштар көп түшүп жатат.
— Дүйнө жүзүндө миңдеген цирктер бар. Ал жактын күйөрмандары да ар башка. Дегеним, биздин цирк кимдерге арналган?
— Кыргыз циркин бардыгы жаш балдарга ылайыкташкан деп ойлошот. Биз чет мамлекеттерде көбүрөөк иштеп калдык. Ал жакта циркке жаш-кары дебей келишет. Мен дагы биздин циркке элдер театрга, киного баргандай келишин абдан каалайм. Кээ бир адамдарга "сиз кыркка чыгып алып бир дагы жолу циркке барган эмессизби" деп таң калсам, "цирк деген кичинекей балдардыкы да, мен бала чагымда ата-энем алып барган эмес, анан чоңойгондо барсам туура болбой калат деп жүрдүм" дейт. Ошондуктан циркке болгон айрым адамдардын оюн өзгөрткүм келет.
— Цирк дүйнөсүнө кантип аралашып калгансыз?
Биринчи билимим боюнча юристмин, экинчи билимим социалдык жана маданий менеджемент боюнча ишмердүүлүк. Юрист катары эч бир жерде иштеген жокмун, бирок чет мамлекетке чыкканда келишимдерди түзүүдө, документтер менен иш алып барууда жардамы тийди.
— Жеке жашооңуз тууралуу да айта кетсеңиз?
— Отузга чыгып калдым. Кудайдын буйругу менен турмушка чыгам деп жүрөм (күлүп).