Модель болчу 21 жаштагы Үмүт кантип "эжей" болуп калды? Дил маек

© Sputnik / Жоомарт УраимовЖаш муаглим Үмүт Кудайбергенова
Жаш муаглим Үмүт Кудайбергенова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үмүттөй суйкайган сулуу кыздар адатта ар кыл кастингде, сулуулук сынактарында жүрүшөт. Бирок биздин каарман буга анча кызыкпайт экен. Андан көрө айлыгы үч миң сом болсо да мектептеги балдарга сабак бергеним артык дейт.

Үмүт Кудайбергенова Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Светлана Федотовага эмне себептен окутуучулук кесипти тандап алганын айтып берди.

— Менин апам да мектепте мугалим, болгондо да сиздей болуп орус тилчи. Ошентсе да нервди алган, аз төлөнгөн жумушта иштөөгө эмне түрткү болорун түшүнбөйм…

— Алган билимим боюнча филологмун, бюджеттик бөлүмдө окугам. Алгачкы жолу экинчи курста практика өтүп жатканда өзүмдү мугалим катары сынап көрдүм эле. Жакындарым мектепте иштей турганымды билгенде аябай таң калышты, оюмдан кайттырууга аракет жасашты. Болбой койдум, жарым жылдан бери мугалим болуп иштеп жатам.

© Sputnik / Жоомарт УраимовҮмүт Кудайбергенова: жакындарым мектепте иштей турганымды билгенде аябай таң калышты, оюмдан кайттырууга аракет жасашты. Болбой койдум, жарым жылдан бери мугалим болуп иштеп жатам
Учительница Умут Кудайбергенова - Sputnik Кыргызстан
Үмүт Кудайбергенова: жакындарым мектепте иштей турганымды билгенде аябай таң калышты, оюмдан кайттырууга аракет жасашты. Болбой койдум, жарым жылдан бери мугалим болуп иштеп жатам

— Эмне өзгөрдү?

— Алгач Үмүт Болотбековна деп кайрылуу өөн учурады. 21 жыл бою Умка болуп жүрүп эле, бир заматта Үмүт Болотбековна болуп калганда өзүмдү 10 жаш улуудай сезип кеттим. Анан "эже" дегенди укканда чачым да агарып кетти окшойт. Бир 40-45ке чыгып калгандай сездим өзүмдү. Анан кесиптеш экенибизди билбеген бир мугалим келип сабакка кечигип келгенимди айтып, канчанчы класста окуйсуң дегенде кичине өзүмө келдим.

— Айлыгыңыз канча? Былтыртан баштап маяна 1,5-2 эсеге жогорулады дешти эле…

Операция по удалению злокачественной опухоли - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык хирург африкалыктарды кантип дарылап жатканын айтып берди
— Азырынча 7 саат менен иштейм. Бир жумадан кийин дагы бир класска сабак бере баштайм. Айлыгым үч миң сом. Мындан улам кечкисин "Мобильные сети" компаниясында оператор болуп иштейм. Акчасы көбүрөөк, ошентсе да окуучуларымдан кетким келбейт.

— Эмнеге? Үч миң сомду карап отуруш канчалык зарыл?

— Мектепти таштай албайм, таштагым келбейт. Сабак башталганга жарым саат калганда келем, даярданам, сабак кызыктуу, өзгөчө өтүшүн каалайм. Балдардын көзү жанып, айтканыңды кызыгуу менен угуп жатканын көрүү сөз менен айтып жеткире алгас рахат.

Мындан тышкары, окуучулар да өзгөчө, кээде ушунчалык таң калтырышат. Сүйлөгөндөрүнө, кыймыл-аракетине байкоо салуу абдан кызык.

© Sputnik / Жоомарт УраимовҮмүт Кудайбергенова: мектепти таштай албайм, таштагым келбейт. Балдардын көзү жанып, айтканыңды кызыгуу менен угуп жатканын көрүү сөз менен айтып жеткире алгас рахат
Учительница Умут Кудайбергенова - Sputnik Кыргызстан
Үмүт Кудайбергенова: мектепти таштай албайм, таштагым келбейт. Балдардын көзү жанып, айтканыңды кызыгуу менен угуп жатканын көрүү сөз менен айтып жеткире алгас рахат

— Кесиптештериңиз жаш адисти кандай кабыл алышты?

— Алгач окуучу деп ойлошконун жогоруда айттым. Албетте, ишеним аз, анткени окутуучулардын көбү өз ишине эптеп күн өтсө деген мамиле жасашат эмеспи. Жаш адистер жигердүү болуп, балдар менен да жакшы иштеп, өзүнүн да кесипкөйлүгүн дайым жогорулатып турушу керек.

— Мугалим экениңизди билгендердин мамилеси кандай?

— Таң калышат, жылуу сөз айтышат, айтор, ар ким ар кандай кабылдайт. Биринчи эле айлыгымды сурашат.

— Мугалимдикти дагы канча аркалайсыз?

— Эмдиги жылы класс алсам деген тилегим бар, бул боюнча жетекчилик менен сүйлөшүп чыктым. Сабакка келген балдар көңүл бурууга, убакыт бөлүүгө, изденүүгө татыктуу. Мен ушуну менен алектенгим келет.

© Sputnik / Жоомарт УраимовҮмүт Кудайбергенова: окутуучулуктун түйшүгү түмөн, бирок тартуулай турган жакшы сезимдери да ошончо. Мен мугалимдикти тандап алганыма эч качан өкүнбөйм
Учительница Умут Кудайбергенова - Sputnik Кыргызстан
Үмүт Кудайбергенова: окутуучулуктун түйшүгү түмөн, бирок тартуулай турган жакшы сезимдери да ошончо. Мен мугалимдикти тандап алганыма эч качан өкүнбөйм

— Мугалимдикти тандап алгандарга кандай кеп-кеңешиңиз бар?

— Бул кесиптин ээлери окууну бүтөр замат башка жумушка орношуп кетишет. Албетте, айлыгы көп, бирок рахат ала албайт. Мектептерде кадр жетишсиздиги курч турат, мугалимдерге оор жүк жүктөлгөн. Окутуучулуктун түйшүгү түмөн, бирок тартуулай турган жакшы сезимдери да ошончо. Мен мугалимдикти тандап алганыма эч качан өкүнбөйм.

Жаңылыктар түрмөгү
0