Сарпашев: айрым саясатчылар мени отставкага кетирүүнү көздөп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековМамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин архивдик сүрөтү
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашев аны кызматтан алуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун саясий кадам деп мүнөздөдү.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев президенттик шайлоонун алдында айрым саясий күчтөр анын отставкага кетүүсүнө кызыкдар болуп жатканын АКИpress агенттигинин түз эфиринде билдирди.

Буга чейин Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевди кызматтан бошотуу сунушун премьер-министр Сооронбай Жээнбековго жолдогон. 

Здание Генеральной прокуратуры Кыргызской Республики. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик каттоо кызматы башкы прокуратурага жооп берди
Буга Сарпашевдин өткөн жылдын 30-ноябрында Максим Бакиевдин ишенимдүү адамы Ульяна Пакка тиешелүү кыймылсыз мүлктү камактан чыгаруу боюнча Бишкектин район аралык сотунун чечимин аткаруу буйругу себеп болгону айтылган.

"Айрым саясий күчтөргө президенттик шайлоонун ачык өтө турганы жакпай жатат. Кээ бир саясатчылар биометрикалык база Мамлекеттик каттоо кызматынын колунда болгондуктан шайлоого таасир этүү мүмкүн деп ойлоп жатышат. Бирок алар катуу жаңылышат. Менин жеке оюм боюнча айрым саясий күчтөр президенттик шайлоону Сарпашевсиз өткөрүүгө кызыкдар", — деди Мамкаттоонун төрагасы.

Ал ошондой эле Башкы прокурор Индира Жолдубаева менен премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун атына арыз жазып, шашылыш чечим чыгарбоого чакырган. Сарпашев Мамкатоо соттун чечимин гана аткарганын белгилеген.

"Башкы прокурордон бул ишти өз көзөмөлүнө алуусун суранам. Индира Жолдубаева саясатташкан деп айтпайм, бирок укук коргоо органдарынын айрым кызматкерлери бул маселени жакшы карабай калган болсо керек. Эгер мыйзам бузган болсом, жоопкерчиликтен качпайм", — деди Сарпашев.

Мамкаттоо төрагасы бейшемби күнү эртең менен премьер-министрге кайрылганын белгиледи. Ал эми "президентке дагы кайрыласызбы" деген суроого жетекчиси өкмөт башчы болгондуктан азырынча аны менен чектелерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0