БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Россиянын Новая Москва аймагындагы ири жол кырсыгынан жаракат алган кыргызстандык жаран Кылычбек уулу Бекбол реанимация бөлүмүнөн палатага которулду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматынын өкүлү Гүлбарчын Байымбетова билдирди.
Белгилей кетсек, 1-февралда жергиликтүү убакыт боюнча саат 15.25тер чамасында Варшава шоссесинде Коротыгино айылына бурула бериш жерде УАЗ менен Toyota Ipsum автоунаалары кагышкан. Анын кесепетинен УАЗ машинасы күйүп кеткен. Ошондой эле Toyota Ipsum унаасы дагы жарым-жартылай өрттөнгөн. Жергиликтүү укук коргоо органдарынын берген маалыматына ылайык, жол кырсыгынан сегиз киши каза болуп, үч киши жаракат алган. Алардын ичинде Россиянын үч жараны, Өзбекстандын үч жана Тажикстандын эки жараны бар. Каза болгондордун арасында кыргызстандыктар болгон эмес.
"Москва шаарынын №1 шаардык ооруканасында жаткан 23 жаштагы кыргыз жараны палатага которулду. Учурда анын абалы канаттандыраарлык", — деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, аталган жол кырсыгы боюнча Троицкий жана Новая Москва административдик округунун тергөө башкармалыгы тарабынан Кылычбек уулу Бекболго карата кылмыш иши козголгон.
Элчиликтин өкүлдөрү тарабынан анын туугандарына юридикалык консультация берилип, маселе элчиликтин көзөмөлүнө алынды.