БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстандын мамлекеттик карызы бир жыл ичинде 300 миллион долларга өскөндүгүн Финансы министрлигинен кабарлашты.
2016-жыл ичинде мамлекеттик карыздын жалпы көлөмү 300 миллион долларга өсүп, 4 миллиард 104,44 миллион долларды түзгөн. Ал эми тышкы карыз 182 миллион долларга өсүп, 3 миллиард 782,74 миллион долларга жетти.
Анткен менен мамлекеттик карызды сом менен эсептегенде 4,6 миллиардга азайган, тышкы карыз дагы улуттук валюта боюнча 11,3 миллиард сомго кыскарган.
Тышкы карыз доллар, ал эми ичкиси сом менен төлөнөт.
2015-жылдын 31-декабрына карата Улуттук банктын долларга карата наркы — 75,9 сомго жетсе, өткөн жылдын аягында — 69,23 сомду түзгөн.