Анын апасы Айгүл Асанова (Ред.: аты-жөнү өзгөртүлдү) Россияга иштегени кеткен кызынан акча күтмөк түгүл, өзүн да жакында көрүүгө үмүт этпей турган чагы. Анткени кызы беш жылдык жазасынын бир гана жылын өтөп бүттү.
Асанова күйөөсүнөн эрте калып, эки уул, бир кызды жалгыз чоңойткон. Төрт жыл мурда кызынын Бишкектеги окуусунун акчасын төлөй албай, Россияда көп жылдан бери иштеп жүргөн курбусуна кошуп, Москва шаарына жөнөткөн. Өзү иштеп жүргөн үйдөн баалуу буюмдарды уурдады деп шектелген Алтынай бир жыл мурда бөтөн жерде соттолуп кетти.
— Кызыңыз каргашалуу окуяга кандайча туш болду?
— Адвокат жалдадыңар беле?
— 20 жылдан бери мектепте иштейм, айлыгым сегиз миң сом, анан мага кайдагы адвокат? Атургай кызымдын соту болгонго чейин Москвага бара алган жокмун. Эки уулум деле Кара-Көлдө жашайт, үй-бүлөлүү. Тапкандары өздөрүнөн артпайт. Москвада кыргыз диаспорасыбы, же жөн эле активдүү балдарбы, айтор, бирөөлөр сотуна чейин чуркап, кыргыздардан акча чогултуп, адвокат жалдашкан экен. Мен ошолордун бирөө менен дайыма телефон аркылуу сүйлөшүп турчумун. Кийин ал баланы таппай калдым. Мен да туугандарыма айтпай, тааныштардан карызга акча алып, сотко эки күн калганда Москвага бардым. Кызымды алып кеткен курбум тосуп алып, сотуна алып барды. Кызымдын өкүмүн угузуп, беш жылга эркинен ажыратканын укканда, ошол жерден өлүп калам го деп ойлогом. Кызым да көзүнүн жашын көл кылып "апа, мен күнөлүү эмесмин!" деп бир кыйкырды. Сот залынан алып чыгып кетип баратканда бир көрдүм. Андан бери курбум түрмөгө эки жолу тамак киргиздим деди.
— Соттун чечимине аппеляциялык арыз жазып, же тиешелүү органдарга жардам сурап кайрылып көрдүңүзбү?
— Колдогон кишиң жок болсо, бөтөн эл, бөтөн жерде эч нерсе кыла албайт экенсиң. Анын үстүнө ал кезде кызымды соттолуп кетет деп ойлогон эмесмин. Өкүмүн угузгандан кийин көпкө чейин өзүмө келе албай жүрүп, убакыт өтүп кетиптир. Кийин бир жолу Бишкекке барып, акыйкатчыга кирүүгө аракет кылдым. Бирок өзүнө кезиге алган жокмун.
— Соттолгондон бери кызыңыз менен бир дагы жолу байланыша албадыңызбы?
Эркиндиктен ажыроонун өзү эмне деген азап?! Ал эми кылмыш жоопкерчилигин мыйзамдары биздикинен айырмаланган, элдин дүйнө таанымы таптакыр башкача болгон бөтөн жерде өтөө эки эсе татаал болсо керек. Мындай тагдырга туш болгон кыргыз жарандары аз эмес.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдиргенине караганда, бүгүнкү күндө дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө 1793 кыргызстандык жаза өтөп жатат. Кыргыз жарандары эң көп соттолгон өлкө, албетте, Россия. Анын аймагындагы түрмөлөрдө 1354 мекендешибиз бар. Экинчи орунда Казакстан, ал жакта 359 киши абакта отурат. Тажикстанда — 27, Кытайда — 20, Германияда — 14 жана башка өлкөлөрдө 2-3төн жарандар бар.
Кыргызстандыктар көбүнчө кайсы беренелер менен соттолот?
Маалыматка караганда, чет жерлерде соттолгон жарандардын көпчүлүгү мыйзамсыз түрдө баңгизатын алып өткөндүгү жана уурулук кылгандыгы үчүн соттолушат. Ошондой эле мыйзамсыз түрдө чек араны кесип өтүү боюнча күнөөлөнгөндөр көп.
Чет өлкөдө соттолгондорго укуктук жардам көрсөтүү
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстандын чет өлкөдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана министрликке соттолгон жарандардын өзүнөн же жакындарынан эсктрадициялоо өтүнүчү менен ар дайым кайрылуулар келип турат.
"Бул жагдайда министрлик тийиштүү иш-кагаздарды Кыргызстанга жана, тескерисинче, чет өлкөгө жолдоодо өз көмөгүн көрсөтөт, бирок иштин дээрлик көбүн КР Башкы прокуратурасы аткарат. Себеби, экстрадиция маселеси Кыргызстандын мыйзамына ылайык Башкы прокуратуранын милдетине кирет. Ошондуктан чет жерлерде соттолгон жарандардын жакындары Башкы прокурордун атына экстрадициялоо өтүнүчүн тийиштүү арыз менен билдирүүгө укуктуу", — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.
Учурда ушундай эле келишимдерди Бириккен Араб Эмираттары жана Түштүк Корея менен түзүүгө аракеттер көрүлүп жатат.
Россияда 100дөн ашуун кыргызстандык мунапыс аркылуу эркиндикке чыкты
Чет өлкөдө соттолуп кеткен кыргыз жарандарынын арасында мунапыска туш болгондор дагы бар. Мисалы, 2015-жылы Россиянын аймагындагы ар кайсы абактарда жаткан 100дөн ашуун кыргызстандык мунапыс аркылуу эркиндикке чыккан. Буга 2014-16-жылдары КР президентинин атынан Россия жана Казакстан президенттерине аталган мамлекеттерде соттолуп кеткен кыргыз жарандарына мунапыс жарыялоо өтүнүч каты себеп болгон. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 70 жылдыгына жана КМШнын 25 жылдыгына арналган.
Кытайда өлүм жазасына тартылган кыргыз жараны
Чет өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары эмнени билиши керек?
"Коомдук иликтөө институтунун" жетекчиси Рита Карасартованын айтымында, чет өлкөгө иштегени же билим алганы кеткен жарандарга ошол жактагы элчилик же консулдуктар укуктук жактан багыт берип турушу зарыл.
Укук коргоочу чет жакка чыгууга белсенген кыргызстандык жарандар ошол өлкөнүн мыйзамын билиши шарт экенин баса белгиледи.