АКШдагы кыргыз мигранттары Трамптын жарлыгынан жабыркабайбы

© REUTERS / KAMIL KRZACZYNSKIАКШнын президенти Дональд Трамптын Американын качкындарды кабыл алуусун 120 күнгө токтоткон жаглыгына каршы акциясы
АКШнын президенти Дональд Трамптын Американын качкындарды кабыл алуусун 120 күнгө токтоткон жаглыгына каршы акциясы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Замандаш" ассоциациясынын үч жыл мурун жүргүзгөн изилдөөлөрүнө ылайык, АКШда болжол менен 20-25 миңдей кыргызстандык жашайт.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп 20-январда ант берип, Американын 45-президенти болуп расмий түрдө иштеп баштады. Инаугурациясынан көп күн өтпөй эле жаңы шайланган президент шайлоо алдында берген убадаларын аткара баштады көрүнөт.

25-январда ал миграция маселесине тиешелүү мурда кылмыш кылган мыйзамсыз мигранттарды өз мекенине депортациялоо жана Мексика менен АКШнын чек арасына мигранттардын агымын токтотуу үчүн дубал куруу боюнча жарлыкка кол койду. 

Мындан улам 25-январь АКШда жашаган 12 миллионго чукул мигрант үчүн "кара" күн болуп калды.

АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Обама Трамптын жарлыгына каршы митингди колдоду
Андан көп өтпөй эле Трамп Американын качкындарды кабыл алуусун 120 күнгө токтоткон жана өлкөгө кирүү эрежелерин татаалдаткан Жарлыкка кол коюп, бул документтин максаты — "радикалдашкан мусулман-террочуларды" өлкөгө киргизбөө экенин айтты.

Документте Ирак, Иран, Сирия, Судан, Йемен, Ливия жана Сомали өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга кирүүгө убактылуу тыюу салынганы жазылган.

Трамптын АКШдан акырындык менен качкын, мигранттарды тазалай башташы Америкада жүргөн кыргыз мигранттарына тийгизе турган таасирин, ал жакта мыйзамдуу жана мыйзамсыз жашап жаткан кыргызстандыктар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

АКШда жашаган кыргыздар

Америкада учурда канча мигрант жашаары боюнча так маалымат жок. Бирок "Замандаш" ассоциациясынын үч жыл мурун жүргүзгөн изилдөөлөрүнө ылайык, аталган өлкөдө болжол менен 20-25 миңдей кыргызстандык жашайт.

"АКШда жашаган кыргызстандыктардын көпчүлүгү тейлөө кызматтарында иштешет. Мисалы, беш кыргызстандыктын экөө окуп же ар түрдүү долбоорлор менен келген болсо, калгандары атайын иштөө үчүн келишет. Ал жакка конокко, окууга, долбоор менен барышса да келишимдери бүткөн соң калып калгандар көп. Ошолордун көбү мыйзамсыз жашап келет", — деди "Замандаш" ассоциациясынын төрагасы Майрамбек Жапанов.

Кыргызстандык Эркин Урманбетов АКШнын Огайо штатынын Цинцинатти шаарына барганына 3 жыл гана убакыт болгон. Бирок үй-бүлөсү менен мыйзамдуу түрдө жашайт. Анын айтымында, кыргыз мигранттары үчүн Трамптын жаңы чыгарган жарлыгы азырынча кооптуулук жаратпайт.

Паспорт гражданина Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Чет өлкөгө виза алуу оңойбу? Консулдун ишеничине кантип кирүүгө болот?
"Биринчиден, Трамптын келгенине аз эле убакыт болду. Анын киргизген мындай мыйзамдары азырынча бизге сезиле элек. Экинчиден, АКШ — мигранттар үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү. Бул жакта мигранттар эч кандай мыйзамды бузбай иштесе, эч ким ага тийишпейт. Мен үч жылдан бери үй-бүлөм менен Америкада жашайм. Ушул күнгө чейин мени мигрантсың деп эч ким келекелеген жок. Мыйзам бузбаган мигранттарга эч ким унчукпайт", — деди Урманбетов.

АКШда мыйзамдуу жашоо кыйынбы?

Флорида штатынын Майами шаарында жашаган Манас Муратбеков АКШда квалификациялуу иммиграциялык адвокат болуп иштеп келет. Анын жеке компаниясы мекендештердин юридикалык суроолоруна жооп берип, укуктук жактан жардам берет.

Муратбеков АКШда мыйзамдашуунун жолун төмөндөгүчө түшүндүрүп берди.

"Эгер АКШга келген жаран иммиграциялык мыйзамдарды бузбаса же дайыма мыйзамдын негизинде жүрсө мыйзамдашуу процесси оңой эле бүтөт. Бул үчүн ал адам эч качан депортацияланбаса, АКШнын жаранына турмушка чыгып же ал жактан аял алса же саясий куугунтукка кабылган болсо гана мыйзамдуу жүрө алат. Ошондой эле мекендештер бул жакка беш жылга конок визасын алып иштеп кетсе болот. Бирок бул убакыт бүткөндөн алты айдан кийин дароо өлкөдөн чыгып кетиши керек. Болбосо алар мыйзамсыз жүргөн жаранга айланып калат", — деди Муратбеков.

Трамптын жарлыктары кыргыз мигранттарына таасир тийгизбейби?

АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салам, Кыргызстан! Өлкөгө келип кеткен АКШнын атка минерлери
"Замандаш" ассоциациясынын өкүлү Майрамбек Жапанов Трамптын миграция маселесине койгон талаптары биздин мекендештерге да терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенин жашырбайт.

"Америкага акыркы он жылдан бери барган кыргызстандыктар учурда мыйзамдашуунун үстүндө. Депортациялангандар дээрлик каттала элек. Бирок Трамптын жаңы мыйзамдары биздин мыйзамсыз жүргөн мигранттарга кандай таасир берет, азырынча айтуу кыйын", — деди Жапанов.

Ошол эле учурда Жапанов АКШга кирүү мурдагыдан да кыйыныраак болуп кала турганын кошумчалады.

"Акыркы эки жылдан бери АКШга виза ачып баруу өтө кыйын болуп калган. Ушундай жол менен эле Трамп башка жактан келгендерге бөгөт коюп коёт. Анын чыгарып жаткан жарлыктары көпчүлүк учурда Мексика — АКШ чек арасынан мыйзамсыз топ-топ менен өтүп жаткан мигранттарга тиешелүү болсо керек", — деди Жапанов.

АКШдагы адвокат Манас Муратбековдун айтымында, Трамптын чыгарып жаткан жарлыктарынан кыргыз мигранттары кооптонбой эле койсо болот. Анткени, бүгүнкү күндө Кыргызстандын жарандарына тиешелүү атайын жарлыктар чыга элек.

Адвокаттын бул оюна Америкада төрт жылдан бери жашап жүргөн кыргыз мигранты Рамиль Мамырканов да кошулат.

Телефон аркылуу сүйлөшүп жаткан АКШнын президенти Дональд Трамптын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Кремль Трамп менен Путин телефондон эмне тууралуу сүйлөшкөнүн жарыялады
"Биринчи кезекте бул чыгарылган токтомдор мурун кылмыш кылган эки миллион мигрантка тиешелүү. Буларды өз өлкөсүнө жөнөткөндөн кийин гана башка мыйзамсыз жүргөндөрдү депортациялоо каралат. Бирок АКШда мыйзамсыз жүргөн 11 миллион мигрант болсо, алардын баары өз мекенине жөнөтүлүшү мүмкүн эмес. Анткени АКШнын экономикасы мигранттардан көз каранды. Мындан улам бийликтин миграция боюнча айтып жаткандары иш жүзүнө ашышы күмөн", — деди ал.

Ал эми мыйзамсыз жашап жаткан кыргыз мигранттары (көпчүлүгү өздөрү тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышты) жалпы сурамжылоодо жарлыктан кийин кооптонуу болуп жатканын айтышып, бирок, башкысы тартипти бузбай, тынч жүргөндөргө эч ким тийишпейт деген ойдо.

Майрамбек Жапановдун айтымында, эгер мыйзамсыз жүргөн кыргыз мигранттары депортациялана турган болсо мындан Кыргызстандын экономикасы да жабыр тартышы мүмкүн.

"Албетте, өлкөгө акча которуулар көбүнчө Россия, Казакстандан болот. Бирок мекендештерди АКШдан чыгарып сала турган болсо, он миңдеген адам туруктуу кирешесинен куру калат", — деди ал.

Улуттук Банктын билдирүүсүнө ылайык, былтыркы жылдын 11 айында мигранттар Кыргызстанга 1 миллиард 835 миллион акча которсо, анын 34,5 милллиону АКШдагы кыргыздардан келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0