Бүгүнкү күндө бакыт издеп чет жакка кеткен замандаштарыбыздын саны жетиштүү. Башка жактын кыйынчылыгына "кыңк" дебей баш ийип, бияктагыдай "башым ооруду", "кечирээк барам" деген түшүнүк жок. Белди бекем бууп, каккан казыктай тик туруп, тапкан тыйыны менен туугандарын бутуна тургузуп жатышат.
Уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок…
Тилекке каршы, бейиш издеп барып, тозоктун чогуна түшүп калгандар да жок эмес. Алардын бири — Рустам Ажиматов. Тюмендеги "Биримдик" диаспорасынын жетекчиси Канзада Сманова кыргызстандык мигранттын оор тагдыры тууралуу кеп салып берди.
Көп өтпөй талаада калган Рустамдын селсаяктык жашоо кечирип жүргөнүн дагы бир кыргызстандык мигрант жумуштан кайтып келе жатып көрөт. Ала-Тоо борунда ат жалында шамал менен жарышып ойногон кыргыз жигитинин бул абалын көрүп, жүрөгүнөн кан тамат. Аны дароо үйүнө алып кирет. Атын сураса Рустам деп жооп берет… Тагдырдын жазмышы беле, замандашыбыз бир азга кечигип калат, ал учурда Рустам бутун суукка алдырып алган эле.
Операция жасалып, доктурлар Рустамдын бутун кесүүгө аргасыз болушкан. Алты саны аман келген кыргыздын уулу баса албай коляскада отуруп калары үч уктаса түшүнө кирген эместир.
Сманованын айтымында, учурда Рустамга каражат топтолуп, документтери бүткөрүлүп жатат. Жакынкы күндөрү ал Кыргызстанга жөнөтүлөт.
Акча табам деп азапка кабылгандар
Киндик каны тамган жерин таштап Москвага эл катары иштейм деп барган Азат каргашалуу окуяга кабылып, учурда абакта отурганын досу Бектур айтып берди.
Анын айтымында, Азат башка кыргызстандыктардай эле Москвага чоң үмүт менен кеткен.
“Кафелердин бирине ашпозчу болуп иштеп жүрүп, каргашалуу окуя болуп кетти. Зордуктоого аракет кылды деген жалган жалаа жабылып, Азат эки жылга эркинен ажыратылды. Учурда абакта жазасын өтүп жатат”, — дейт Бектур.
Ал эми Малайзияга мекендештерибиздин көбү билим алуу үчүн барышат. Бирок жакшы окуп кеткени менен кыргызстандыктардын арасында бейчеки баскандар да жок эмес.
"Мисалы, Кыргызстандан барган эки студент кыз дүкөндөн кийим уурдап жаткан жеринен кармалган. Буга чейин бир мекендешибиз жайгашкан вертолёт кырсыкка кабылып, көз жумган", — дейт Малайзиядагы жараныбыз Айгүл.
Америкада мыйзамсыз жүргөн мекендештерибиздин басымдуу бөлүгү курулуш жаатында иштейт. Бостон шаарында иштеп, жашаган Адилет Тынарбай аттуу мекендешибиз түштүк штаттарда 45-50 градус ысыкка чыдап иштегендер арбын экенин айтат.
"Күндүн ысыгына чыдабай үйдүн чатырынан эси ооп жыгылгандар бар", — деди ал.
Ал эми Кореяда эң оор жумуш деп кеме куруу эсептелерин замандашыбыз Эрик айтып берди.
"Кыргызстандан баргандар тыйынга кызыгып, кеменин эң төмөнкү кабатында эмгектенет. Күндүн ысык-суугуна карабай ширетүүдө иштеп, темирлерди сырдайт. Кореяда ден-соолугун жоготкондор арбын", — дейт Эрик.
Кыргызстанга сөөгү кайткан мекендештер
"Замандаш" ассоциациясынын кординатору Азамат Айтбаевдин берген маалыматы боюнча, жыл башынан бери Кыргызстанга төрт "жүк 200" алып келинди. Ал эми 3000ден ашуун кыргызстандык жаран абакта отурат. Акыркы эки жылда кулчулукка сатылып кеткендерден 567 кишиге жардам көрсөтүлгөн.
"Жумуш учурунда кырсыкка кабылган мекендештерибиз арбын. Ишке орношуп жатканда документи жок болсо, бизде иштеген эмес деп көчөгө чыгарып коюшат", — дейт Айтбаев.
Учурда 700 миң мигранттын 520 миңи — Россияда иштеп жүрсө, 113 миңи Казакстанда катталган. Түштүк Кореяда 14 миң кыргызстандык эмгектенсе, Түркияда 10 миң мекендеш бар. Ал эми алыскы чет мамлекеттерде (Европа, АКШ, Жакынкы Чыгыш, Азия) 30 миңдей мигрант иштеп жүрөт.
Мамлекеттик миграция кызматы чет өлкөгө чыгып жатканда сөзсүз түрдө тиешелүү органдардын каттоосунан өтүүнү сунуштайт. Кайсыл өлкөгө бара турган болсоңуз, ошол өлкөдөгү Кыргызстандын элчилигине катталып, мыйзамдуу түрдө жумушка орношуу зарыл. Ошондо гана мигранттардын укугу корголот.