Бишкектеги өспүрүм балдар кышкы спорттун түрлөрү боюнча күч сынашат

© Sputnik / Табылды КадырбековТоо лыжа базасындагы өспүрүм баланын архивдик сүрөтү
Тоо лыжа базасындагы өспүрүм баланын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылы аталган спорттук иш-чарага 400дөй өспүрүм катышкан.

БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы өспүрүм балдардын катышуусунда "Баарыбыз лыжага — 2017" спорттук иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Чоң-Таш айылындагы тоодо 9-февралда өткөнү жатат. Спорттук мелдешке Бишкек шаарынын мектеп окуучулары, балдар үйлөрүнүн жана реабилитациялык борборлордун тарбиялануучулары катышат.

"Анда өспүрүмдөр "аркан тартыш", "бука тартыш", "таяк тартыш" сыяктуу бир катар спорттун түрлөрү боюнча күч сынашып, мыктылары аныкталат. Иш-чара жаштарды сергек жашоо образына үндөөгө багытталган", — деп айтылат маалыматта.

Турнирди шаардык Билим берүү башкармалыгы менен Дене тарбия жана спорт агенттиги уюштурууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0