БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Дача айылында болгон учак кырсыгынан улам үйсүз калган жарандар убактылуу жайларга көчүрүлөт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев авиакырсыктын себептерин иликтөө үчүн түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын жумушчу жыйынында билдирди.
Жыйында тиешелүү министрликтер менен биринчи кезекте "Семетей" мейманканасында жашап жаткан жарандарды тез арада убактылуу батирлерге көчүрүү маселеси каралды.
"Кыска убакыт аралыгында үйсүз калгандарды алардын иштеген жерине жана балдардын мектебине жараша убактылуу батирлерге көчүрүү маселесин чечишибиз керек. Бул багытта тиешелүү министрликтер, Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү жана жергиликтүү бийлик органдары ыңгайлуу батирлерди сунуштагыла", — деди Абулгазиев.
Эске салсак, 16-январда "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулап, 39 киши каза болгон. Кырсыктан улам үй-жайсыз калган жарандар учурда "Семетей" мейманканасына жайгаштырылган.