БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Элвира Сариева президенттин аппарат жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Тиешелүү буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон.
Эске салсак, Элвира Сариева Билим берүү жана илим министрлигинен кеткенден кийин президенттин аппаратындагы социалдык саясат бөлүмүн жетектеп келген. Ал эми Сариевага чейин аппарат жетекчисинин орун басарлыгын аркалаган Мира Карыбаева президенттин кеңешчиси болуп дайындалды.