Ырыскелди Осмонкулов: туулган күнүмдө бильярд турнирин өткөргөнүмө 11 жыл болду
Туулган күндү утурлай чыгармачыл адамдардын арасында бильярд турнирин 11 жылдан бери өткөрүп келе жатканын белгилүү ырчы Ырыскелди Осмонкулов Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен болгон маекте билдирди.
Анын айтымында, бул демилге жакын досуна таандык.
"Бир күнү Нурдин деген досум чыгармачыл адамдарды топтоп бильярд боюнча турнир өткөрбөйлүбү деп калды. Ошондон бери салтты улап турнир өткөрүп келе жатканыбызга быйыл он бир жылдын жүзү болуптур. Бул ыкма мага жакты. Көптөн бери көрүшпөй жүргөн достордун, алыстап кеткен туугандардын, жолукпай жүргөн чыгармачыл адамдардын башы биригет экен", — деди ырчы.