БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. "Чыгышэлектр" ачык акционердик коому күйүүчү май сатып алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда ишкана Аи-92, Аи-80 үлгүсүндөгү бензинди жана дизель майы үчүн 33 миллион 687 миң 642 сом сарптоого даяр.
Тендер 20-январда жарыяланып, мөөнөтү 10-февралда аяктайт.