БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. "Кыргыз почтасы" ишканасынын филиалдарына күйүүчү май сатып алуу үчүн аталган ишкана тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, "Кыргыз почтасынын" 49 филиалына бензин сатып алуу үчүн ишкана 4 миллион 105 миң 239 сом сарптоого даяр.
Тендер 17-январда жарыяланып, мөөнөтү 7-февралда аяктайт.