БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Балыкчы шаардык мэриясынын алдындагы балатылар шаардын башка бөлүктөрүнө отургузуларын аталган калаанын муниципалитети билдирди.
Маалыматка караганда, имараттын алдындагы балатыларды кыйып салбастан башка жакка отургузуу демилгесин шаар мэри Алмаз Мамбетов көтөргөн.
"Ийне жалбырактуу дарактар борбордук Абдрахманов көчөсүнүн ар кайсы бөлүктөрүнө отургузулуп, шаарды жашылдандыруу жумуштарынын уландысы болмокчу. Буга кошумча 52 түп балаты Кычан жана Абдылдаев орто мектептеринин, ошондой эле борбордук мечиттин айланасына тигилет ", — деп жазылат маалыматта.
Балыкчы шаардык мэриясынын алдына балатылар мындан 40 жыл мурун отургузулган.