БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Учактын кулашынан каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга 70 миң сомдон жардам берилерин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, Дача айылына 16-январда эртең менен кулаган Boeing 747 учагы кыркка жакын кишинин өмүрүн алган. Учурда каза болгон 32 адамдын ким экени аныкталды.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Boeing-747 учагынын кыйрашынан каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга берилип жаткан жардам боюнча атайын жыйын өткөрдү.
Маалыматка ылайык, учурда кырсык болгон аймактагы бардык көчөлөргө электр энергиясы берилди. Электриктер үзүлгөн зымдарды калыбына келтирүү боюнча тынымсыз аракеттерди көрүүдө.
"Бүгүн Кыргызстанга эл аралык авиациялык комитеттин эксперттери, Boeing компаниясынын эксперттери изилдөө иштерине катышуу үчүн келет", — деп айтылат маалыматта.
Премьер-министр ошондой эле Социалдык өнүгүү министрлигине үй-бүлөсү жана турак-жайынан ажыраган балдардын маселесин чечүүнү тапшырды. Андан сырткары, үй-жайсыз калган жарандардын тизмесин тактап, аларга маалында жардам берүү керектигин баса белгиледи.